Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Ошто өкмөт өкүлү Кытайдан келген мэрди кабыл алды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек СарыбашовКытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Баоцзи шаарынын мэри Бао Цзиньцай баштаган бир катар жетекчилерди кабыл алды.

Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, жаңы экономикалык байланыштарды арттыруу тууралуу сүйлөшүлдү. Жолугушуудан кийин кызматташуу жана Ош облусуна өндүрүш аймагын куруу боюнча макулдашууларга кол коюлду. Ал үчүн Кара-Суу районунан 400 гектар жер аянты каралган.

Бул жерге келечекте өндүрүш зонасы курулса миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш аймагы 10-15 жылдан кийин жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт. Бардык тиешелүү жагдайлар мыйзам алкагында аныкталган соң өндүрүш аймагынын курулушу 2018-жылы башталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1227
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×