Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Эгиздер: 7 айлык болуп төрөлгөн Бекзат менен Айзаттын артынан дагы эгиздер жана 3 эм келди (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жашаган Бекзат Жеңишов менен Айзат Жеңишова 2009-жылы 7 айлык болуп төрөлүшкөн.

Апасы Элмира Сулайманкулованын айтымында, алгачкы төрөтү болгондуктан 7 айлык наристелерди багуу кыйын болгон.

«Боюмда болгондо эле алар эгиз экенин билгем. Алгачкы төрөтүм болгондуктан өзүмдү жакшы караган эмесмин. Кош бойлуу мезгилимде үй жумуштарын аткарып жүрө берип, айына жетпей төрөдүм. 7 айлык эгиздердин салмагы да абдан аз болчу. Алгач уулум Бекзат 1 кг 500 гр салмакта төрөлдү. Андан 2-3 мүнөттөн кийин кызым Айзат 1 кг 800 гр болуп төрөлдү. Эгиздерге салмак  кошулганча ооруканада 1 айдан ашуун жаттык. Дарыгерлер алардын салмагы 2 кг 300 гр болгонго чейин карашты. Ооруканадан чыккандан кийин үйдө жолдошум экөөбүз бактык. Алгач кайын атамдар “желим бөтөлкөдөй” дешип, жанына жологондон коркуп жүрүштү», - деди эгиздердин апасы.

Айзат, Бекзат

Айзат менен Бекзат учурда 2-класста окушат. Апасынын айтымында, 8 жаштагы эгиздер бири-бирине көп окшошо бербейт.

«Балам оор басырыктуу. Сабактан жакшы окуп, медаль алганга жетишти. Кызым ага караганда чыйрак, бирок сабакта Бекзаттай ийгиликтерди жарата элек. Инилерин каралашканга жардам берип, үй жумуштарын акырындап жасаганга үйрөнүп жатат.

Эгиздерим мага окшош көрүнбөйт. Сырттагы адамдарга окшош көрүнөт экен. Балдарым эки тондо жайгашкандыктан биринин артынан бири дароо ооруп калбайт», - деди Э.Сулайманкулова.

Эгиздердин артынан дагы эгиздер — Айжан менен Байжан келген.

Айжан, Байжан

Ошондой эле, эң кичүүлөрү 3 эм уулдар.

Буга чейин мындан бир жыл мурун жарыкка келген 3 эмдин үй-бүлөсү үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 3 бөлмөлүү үй курулуп жатканын алардын атасы Ниязбек Туманов аймактык кабарчыга кабарлаган.

«Учурда 3 эм 1 жаш 3 айлык болуп калышты. 3 эмдин урматына айыл өкмөт башчы үй курууга кирпич жана тактайларын алып берүүнү убадалаган эле. Айтылган сөзүн иш жүзүндө көрсөтүп, 12 миң даана кирпич берди. Үйдү куруп, чатырын жаап алдык. Жер тилке маселеси да каралат деп айтышканы менен азырынча чечиле элек. Ошондуктан үйдү атамдын үйүнүн жанына курууга туура келди. Ал эми, жогорку бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылып, бирок жооп алган жокпуз», - деди ал.

Эгиздердин 31 жаштагы апасы Элмира Сулайманкулова «Баатыр эне» наамын ала элек. Учурда 7 балага мамлекеттен жөлөк пул берилип жатат.

«2005-жылы жер титирегенде үйүбүздүн дубалдары жарака кеткен эле. Мындан улам балдарым менен эски үйдө жашоодон кооптонобуз. Жалгыз иштеп тапканым кээде балдарымдан ашпайт. Чатыры жабылган үйдү толук бүтүрүп кирүүгө азырынча каражат тартыш болууда», - деп кошумчалады Н.Туманов.

Элмира Сулайманкулова 2016-жылдын 27-июлунда 2 уул жана 1 кызды жарыкка алып келген. Биринчи төрөлгөн уулу — 2 кг 85 гр, кызы — 2 кг 365 гр, ал эми үчүнчү болуп төрөлгөн уулу — 2 кг 700 гр салмакта. Аларга Асан, Үсөн жана Батма деген ысымдарды ыйгарышкан болчу.

534

«Кош бойлуулуктун 6-айында 3 эм экенин билдик. Айылдаштар жубайым кош бойлуу учурда "Эми эмне төрөйт?" деп сурай берип тажатышты», - дейт Н.Түмөнов.

52

Ниязбек Түмөнов Кара-Суу районунда 1983-жылы төрөлсө, жубайы Элмира Сулайманкулова 1986-жылы Өзгөн районунда төрөлгөн. Элмира Сулайманкулованын чоң атасы эгиздин түгөйү болгон. Учурда үй-бүлөдө Н.Түмөнов жалгыз иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 605
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×