Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 25.09.2017 13:27 На русском

Кыргызстанда теракттарды уюштурууну пландаган жигит кармалды

Turmush -  УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга мүчө болгон кыргызстандык 1995-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган М.М. чет өлкөдө жүрүп, кыргызстандык адамдарды Сириядагы согушка, согушчандар үчүн дары-дармектерди жөнөтүүгө жардам берген. М.М. 2017-жылдын март айында согушчандардын «Абу Салох» каймана аттуу башчысы Сирожиддин Мухтаровдун буйругу менен Кыргызстанга келген. Ал Кыргызстанда теракттарды ишке ашырууга жардам бермек.

Учурда ал камакка алынып, ага карата кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×