Прокурор А.Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сурады

Turmush - Бүгүн, 20-сентябрда Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин териштирүү улантылды. Сот отурумунда депутат суралгандан кийин прокурор аны мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, учурда «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин депутаты Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында кылмыш иш козголгон.
Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы аны юстиция министри болуп турганда 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин изделип жаткан Алексей Елисеевге жактоочунун уруксат кагазын мыйзамсыз берген деп айыптаган.
УКМКнын сурагынын жыйынтыгы менен А.Саляновага 2017-жылдын 12-майында Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иш козголгон.