Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Миң-Куш айылындагы мектепте бир китепти үч окуучу окушат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы Жусуп Сары атындагы орто мектебинде окуу китептери жетишсиз. Бул тууралуу аталган орто мектептин китепканачысы Нурзат Барылбекова билдирди.

Анын айтымында, аталган орто мектебинде 1-4-класстарынын окуу китептери жетишсиз.

«Чынында биздин мектепте китептер жетишпей келет. Көбүнчө башталгыч класстын окуучулары бир китепти 2-3 бала алып окуйт. Бардык жерлерге кайрылып эле жатабыз, бирок китеп келбейт. Көркөм китептер көп эле. Болгону башталгыч класстын кыргыз тили, орус тили жана адабият китептери жетишпейт», - деди Н.Барылбекова.

Аталган китепканада 8085 китеп бар, анын көбүн адабий жана жогорку класстардын китептери түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 897
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×