Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Караколдо мыйзамсыз иштеген таксисттер текшерилип жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында борбордук «Ак тилек» базарынын жана автобекеттин айланасындагы унаалар текшерилип жатат. Бул тууралуу мэриянын турак жай, коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Эрлан Исаев билдирди.

Анын айтымында, муниципалдык автобазанын унааларынан сырткары өз алдынча эл ташыган айдоочулар арбын болууда. Алар жол тыгындарын жаратуу менен мыйзамсыз иштеп келишет. Бул абалды алдын алуу үчүн мэрияда атайын комиссия түзүлүп, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Комиссиянын курамына Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынан, патрулчулардан, шаардык мэриядан өкүлдөр киришти. Комиссия февраль айынан бери иштеп жатат. Унаа көп болгон жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Патрулдук милициянын кызматкерлери түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатышат», - деди Э.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу