Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Миң-Куштагы мектепке 882 миң сомго өрт коопсуздугун алдын алуучу жабдык алынды (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы Жусуп Сары орто мектебине БУУнун өнүктүрүү программасы менен 882 миң 400 сомго өрт коопсуздугун алдын ала турган сигнал берүүчү аппарат коюлду. Анын 210 миң сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Мектеп жамаатынын билдирген маалыматына ылайык, аталган жабдыктар БУУнун өнүктүрүү программасынын радиакциялык аймакта жашаган тургундардын социалдык-экономикалык абалын колдоо долбоору менен коюлган.

Ошондой эле, ушундай жабдыктар айылдагы «Ак-Тилек» бала бакчасына орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 406
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу