Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Караколдук дизайнердин үлпөт көйнөктөрү 10 миң сомдон жогору бааланат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну Кымбат Эрнисова 14 жылдан бери үлпөт, кече көйнөктөрүн тигүү менен алектенет. Аймактык кабарчы дизайнерден кабар алды.

К.Эрнисованын айтымында, ал кичинекей кезинен бери сүрөтчү-модельер болууну самап, мектепти аяктагандан кийин К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайынан жогорку билимге ээ болгон.

Кийин өз кесиби боюнча иштеп, үлпөт көйнөктөрүн саткан салон ачууга жетишкен. Учурда анда 13 кыз-келин жумуш менен камсыз болду. Бул салондон алар кыздардын чачын жасап, сулуулантып, ак көйнөк кийгизип, турмуш жолуна узатышат. Көйнөктөрдүн кээ бири 10 миң сомдон жогору болсо, кээ бири 3 миң сомдон ижарага берилет.

«Бул күн кыздар үчүн эң маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелинет. Кыздын каалоосуна жараша көйнөк тигип, өзүбүздүн идеяларыбызды сунуштайбыз. Ушундай кесиптин ээси болуп, бактылуу үй бүлө курулганына себепчи болуп жатканыма сыймыктанам», - деди дизайнер.

Анын айтымында, шуру, мончок менен кооздолуп, кол эмгекти талап кылган үлпөт көйнөк бир айда даяр болот.

«Көйнөк тигүүдө алгач анын дизайнын ойлоп табууга көп убакыт талап кылынат. Учурда кыздар жеңи бар, жабык, улуттук колориттеги көйнөктөрдү тандап жатышат», - дейт К.Эрнисова.

Кымбат 1 уул, 1 кыздын энеси. Ал шаарда мыкты дизайнерлердин бири болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3497
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×