Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Доцент Ө.Исмаиловдун туугандары жон-булактык студенттердин окуу акысын төлөшөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылындагы А.Курманбеков атындагы мектептин бир классына доцент, биология илимдеринин кандидаты, маркум Өмүрбек Исмаиловдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу маркумдун бажасы Нурлан Мукаш уулу маалымдады.

Ө.Исмаилов Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында 1961-жылы туулган. Ал «Чыгыш Ысык-Көлдүн жапайы жана үй канаттууларынын мите курттарынын эниологиясы» темасы менен кандидаттык диссертациясын 1995-жылы жактаган.

Маркумдун туугандары, келинчеги жана уулу анын ысымы берилген классты толугу менен заман талабына ылайык жабдып беришти. Ошондой эле, окуучулар менен мугалимдер агайдын эмгектерин эскеришти. Ал эми, туугандары Жон-Булак айылынан 2018-2020-жылдары медициналык институтка өткөн студенттердин окуу акысын төлөп берүүнү жана жакшы окуган окуучуларга тапшырууну берүүнү убадалашты.

Ө.Исраиловдун ысымы мектептин биология классына ыйгарылды. Ал 2009-жылы 48 жашында каза болгон. Артында бир уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×