Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: 21 жаштагы К.Маряпов түндө уктап жатып да «Манас» айтып ойгонуп кетет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 21 жаштагы тургуну Кубанычбек Маряпов жамактап «Манас» айтат. Манасчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинин тарых факультетинде 4-курста окуйт.

«1-классымда китептен «Манас» жаттап айтып баштадым. Ал учурда райондук жана облустук деңгээлде сынактарга чыгып жүрдүк. Андан соң 12-13 жашымда мага аян келе баштады. Аян келип баштаганда артымдан кишилер жүрүп, чоң карыя жанымда жүрдү. Бул учурда мен жалгыз калуудан коркуп, ата-энемдин жанында жүрдүм. Ооруканаларга барып көрүнүп жүрдүм. Бирок менин оорумдун дартын эч ким таппай койду. 4 жылдан соң мага кайрадан аян келе баштады. Азыркы учурда жамактап айтып калдым. Сюжети Саякбай Каралаевдин вариантында, бирок сөздөрү өз оюмдан чыгат. Кээде түндө уктап жаткан учурда «Манас» айтып ойгонуп кеткенде эмне айтканымды билбей калып жаткан учурлар көп болуп жатат. Эң биринчи эле жамактап айтканым Алмамбеттин окуясы болгон. «Алтын үн» сынагында жарым финалына чейин жеткем. Ысык-Көл облустунун Жети Өгүз районунун Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата мамлекет боюнча бүттүк манасчылар чогулуп, «Манас» айтууда 2 жолу «Манас» айттым. Биринчи айткан «Манасым» 2 саат 32 минутаны түздү. Экинчи айткан «Манасым» 2 саат болду. Мен Көкөтайдын ашын айттым», - деди ал.

Каарманыбыз буга эле учурда шакирттерди топтогонун кошумчалады.

«2014-жылы өзүм шакирттерди топтоп «Таласым» деген команданы түзгөм. Бул команда республикалык деңгээлдеги сынакка катышып, 4-орунду ээлеген. 2016-жылы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алдым. Ал жакка барып чоң манасчылар менен 1 саатка жакын «Манас» айтып келгенбиз.
Ата-энем мени колдоп, алдыга чыгууга түрткү болуп турушат. Келечекте «Манас» эпосун кененирээк жайылтып, мугалимдик кесипти аркалайм деген ойдомун», - деди ал.

Манасчы үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×