Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө маркум майор Н.Абировдун үй-бүлөсүнө кесиптештери жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн мурунку башчысы, майор Нарынбек Абировдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүп, анын короо-жайына ишембилик уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, майордун үйүнө кум, цемент түшүрүлүп, чакан дүкөнгө жаңы тепкич пандусу орнотулду. Ошондой эле, мончонун чатыры жылууланган.

«Маркум Н.Абиров тирүү кезинде эл үчүн кызмат кылып, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда болгон күчүн жумшап, эмгектенген. Ал элдин уулу болчу. Андыктан, биз анын эмгегин унутуп калбашыбыз керек», - дешет анын кесиптештери.

Н.Абировдун артында 1 уулу, 2 кызы калган жана жубайы 2-топтогу майып болгондуктан эч жерде иштебейт.

2017-жылдын 11-июлунда майор Н.Абиров мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында ӨКМдин «Каарман» медалы үй-бүлөсүнө берилсе, райондук администрация тарабынан «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Майор Абиров Нарынбек Ырыскелдиевич 1983-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Орто билим алгандан кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук аскердик лицейге кабыл алынып, аны 2001-жылы аяктаган. Андан соң, Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайга өтүп, аскердик ант берген. Аталган окуу жайды 2006-жылы аяктап, лейтенант наамын алган.

Эмгек жолун Баткен облусундагы №86017 аскер бөлүгүнөн баштап, издөө-куткаруу отрядынын командиринин орун басары кызматына чейин жеткен. 2009-2014-жылдары ӨКМдин Каракол шаардык куткаруу кызматынын башчысы, 2014-жылдан бери ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 722
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×