Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 21 жаштагы балбан А.Садырбеков мамлекеттик кызматка да жетишет (фото)

Turmush -  Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Азрет Садырбеков эркин күрөш боюнча спорттун чебери. Ал жумуш менен спортту бирдей алып кетүү — сергек жашоонун эң чоң жардамчысы деп эсептейт. Аймактык кабарчы жаш адис менен таанышты.

«Мен жумушумду так аткарууну жакшы көрөм. Кечигип келүү, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтыруу сыяктуу сапаттардан алысмын. Спорт адамды көптөгөн жакшы сапаттарга үйрөтөт. Күн сайын спорт менен машыгуу сергек жашоону камсыз кылып, жакшы иштөөгө түрткү берет. 8-класстан тарта спорт менен машыгып, өспүрүмдөр арасында өткөн көптөгөн мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алдым. Ошондой эле, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогунда 3-орунга татыктуу болдум. Учурда жумушума көбүрөөк көңүл буруп, спорт менен өзүм үчүн гана машыгым жүрөм. Бирок машыгууларды үзгүлтүккө учуратпайм, бул мен үчүн көнүмүш адат болуп калган. Келечекте ак эмгегим менен эл керегине жараган инсан болгум келет. Көптөгөн ийгиликтерди багынтып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсом деген аруу тилегим бар», - деди ал.

Азрет Садырбеков үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 783
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×