Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто «Дэу Леганза» 4 унааны катары менен сүзүп, айдоочусу каза болду (жабыркагандардын тизмеси)

Turmush -  Кара-Суу районунда 5 автоунаанын катышуусундагы кырсыктын кесепетинен 62 жаштагы эркек киши каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 13-сентябрда саат 13:30 чамасында Ош–Бишкек жолунун 648-чакырымындагы Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында болгон. Отуз-Адыр айыл аймагынын 1955-жылы туулган тургуну К.А. «Дэу Леганза» үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы менен катуу ылдамдыкта бара жатып, башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен каршы тилкеге чыгып, алгач «Тойота Функарго», «Ниссан Альмера», «Хонда Фит» унааларын катары менен сүзүп, андан кийин «Хендай Портер» автоунаасын сүзүп токтогон.

Кырсыктан «Дэу Леганза» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу – Отуз-Адыр айыл аймагынын 1955-жылы туулган тургуну К.А. оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан өзүнө келбей көз жумганы маалымдалды. Андан башка 7 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо жана териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жабырлануучулар:

- 1988-жылы туулган А.Дастан, Өзгөндөгү Мырза-Аке айылынын тургуну;

- 1989-жылы туулган М.Адылбек, Кара-Кулжадагы Кеңеш айылынын тургуну;

- 1985-жылы туулган М.Нурадил, Өзгөндөгү Мырза-Аке айылынын тургуну;

- 1992-жылы туулган К.Күлчоро, Кара-Кулжадагы Кеңеш айылынын тургуну;

- 1976-жылы туулган М.Кенже, Кара-Суудагы Садырбай айылынын тургуну;

- 2013-жылы туулган М.Кадича, Бишкек шаарынын тургуну;

- 2015-жылы туулган М.Рамазан, Бишкек шаарынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:59,   21.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×