Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Чүй

Сокулук району дан эгиндерин көп жыйноо боюнча Чүйдө 1-орунда турат

Turmush -  Чүй облусу боюнча былтыр 555 миң 188 тонна кылкандуу дан эгиндер жыйналса, быйыл 555 миң 557 тонна жыйналды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч боюнча Сокулук району 138 миң 164 тонна дан эгиндерин жыйнап, облуста 1-орунда келе жатат. Кемин району 10 миң 365 гектардан 27 миң 121 тонна, Чүй району 4 миң 160 гектардан 11 миң 700 тонна, Ысык-Ата району 21 миң 497 гектардан 63 миң 906 тонна, Аламүдүн району 15 миң 771 гектардан 43 миң 228 тонна, Сокулук району 51 миң 265 гектардан 138 миң 164 тонна, Москва району 30 миң 626 гектардан 83 миң 344 тонна, Жайыл району 44 миң 10 гектардан 102 миң 948 тонна, Панфилов району 33 миң 311 гектардан 87 миң 869 тонна кылкандуу дан эгиндерин жыйнады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×