Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Видео - Ошко чет өлкөлөрдөгү 70тен ашык ишкерлерди чогулткан жармаңке

Turmush -  Ош шаарында 12-сентябрда башталган «YugExpo-2017» эл аралык жармаңкеси бүгүн, 14-сентябрда жыйынтыкталат. Жармаңкеге Кытай мамлекетинин Кызыл-Суу автономиялуу облусунан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Беларусь Республикасынан, Иран мамлекетинен ишкерлер келишкен.

Көргөзмө-жармаңкеге Кытайдын, Өзбекстандын 70тен ашуун өндүрүшчүлөрү, өлкөнүн түштүк регионундагы ишкерлер өндүргөн товарларын алып чыгышты.

Бүгүн көргөзмө-жармаңкенин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери кызматташуу боюнча бир нече макулдашууларды түзө турганы маалым болду.

Жармаңкенин ачылыш аземине шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарлары, соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Өзбекстандагы Андижан облусунун соода-өнөр жай палатасынын президенти Умурбек Тажибаев жана чет өлкөлүк ишкерлер катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу