Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: 26 жаштагы А.Рашитов ишкерлик кылып, Таласта ишкана, чайхана ачты (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 26 жаштагы тургуну Адилет Рашитов ишкерлик менен алектенип, 25 адамды жумуш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ишкерликти 23 жашында баштаган. Кесиби боюнча юрист. Учурда экономист адистиги боюнча да билим алып жатат.

«Атамдын жумушуна байланыштуу 8-классымдан бери Талас шаарында жашап калдык. Кичине кезимден эле Таласка жаңы ачылыштарды жасайм деген максатым бар болчу. 23 жашымда ишкерлик кылууга алгачкы кадамдарым башталды. Ошол кезде желим терезе-эшиктерди чыгарган 5-6 чакан ишкана бар экен. Барынын жумушу менен таанышып, анализдеп көрүп, сапаттуу эшик-терезелерди жасап баштадык. Талыкпаган аракет, эмгектин натыйжасында өзүбүздүн кардарларыбызды таптык. Учурда чакан ишканада 10 адам эмгектенет», - деди ал.

Ишкер буга катар эле 3 ай мурун Таласта чайхана ачты.

«Таласта нукура кыргыздын колорити менен жасалган жайлар көп. Биз ал нерсени эске алуу менен эс алып, тамактанганы келгендерде тандоо болушу керек деп, түштүктүн интерьерин алдык. Бул жерде 15 адам эмгектенет. Кудай буюрса эс алуу үчүн жакшы жай камсыздадык деп ойлойм.

Жеке ишкерлигиме ата-энемдин салымы чоң болду. Экинчиден насыя алып иштеттим. Өз жумушуңду бир принципте, тартиби менен алып барсаң ийгиликтүү болот. 3 жыл ичинде насыядан кутулуп, учурда жемишин көрүп баштадык», - деди ал.

Ишкер үй-бүлөдө 3 бир тууган. Жубайы экөө 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу