Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Суудан жоголгон окуучу кыз Ошко достору менен барып, кайта албай калган (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Тельман айылында изделип жаткан 8-класстын окуучусу Сыргагүл Сталбек кызы табылды. Бул тууралуу эжеси Адмира Абидинова билдирди.

Анын айтымында, окуучу кыз достору менен Ош шаарына барып, кайра кайта албай калган.

«Сыргагүл 8-сентябрь күнү жоголду. 2 күндөн кийин алысыраак таежесинин үйүнөн табылды. Ал достору менен Ошко барып, кете албай калганда таежесинин үйүнө барган. Бизге бул тууралуу социалдык баракчалардан издеп жатканыбыз тууралуу жарыяларды окуган кыз кабарлады. Учурда сиңдимди үйгө алып келдик», - деди А.Абидинова.

1издоо

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 533
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу