Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда санитардык талаптарга жооп бербеген тамактануучу жайлардын иши токтотулду

Turmush -  Тамак-аштан ууланууну болтурбоо максатында сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы бардык балмуздак жана тамак-аш саткан 35 жай текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев билдирди.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда санитардык талаптарга жооп бербеген 17 тамактануучу жайдын иши токтотулуп, 23 адамга 46 миң сом айып пул салынды.

«Текшерүү учурунда лабораториялык изилдөөгө балмуздак жана тамак-ашка 28 жолу байкоо жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 16 тамактануучу жана балмуздак сатуучу жайга санитардык көрсөтмө берилди», - деди Ү.Жоробаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1502
Көп окулду
×