Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кара-Булакта арка куруу үчүн уюштурулган марафондо 494 миң сом топтолду

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Баткен районунун Кара-Булак айылында өткөн «Айгүл гүлү — Баткендин символу» марафонунда 494 миң 550 сом топтолду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучулар маалымдады.

Алардын айтымында, азырынча банк аркылуу эсепке которулуучу суммалардын жыйынтыгы чыга элек. Алардын бардыгы такталып, акыркы сумма 2 күндөн соң так билинет.

Аталган марафондон түшкөн каражатка Кара-Булак айылынын кире беришине айгүл гүлдүн элесин чагылдырган арка курулат.

Окуя боюнча:

Буга чейин Баткен районунун Кара-Булак айылында «Айгүл гүлү — Баткендин символу» марафону өтүп жаткандыгы кабарланган.

Марафонду уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын алкагында Баткен облустук драма театрынын актерлору тарабынан айгүл гүлүнүн тарыхы, Козулан баатыр менен Айгүлдүн сүйүүсүн, өлүмүн чагылдырган спектакль коюлуп, ырчылар тарабынан ыр-бийлер аткарылды. Марафонго облустун, район-шаарлардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Марафон кутучасына ташталган акчалар:

- Баткен облусунун жетекчиси А.Халмурзаев облустун атынан 50 миң сом салды;

- Баткен шаарынын мэри М.Рахимов мэриянын атынан 30 миң сом, жеке өзүнүн атынан 5 миң сом;

- Баткен мамлекеттик университети 10 миң сом;

- Кадамжай району 75 миң сом;

- Лейлек району 80 миң сом;

- Исфана шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов 5 миң сом;

- Кадамжайдагы кытай ишкери 30 миң сом;

- Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Кара-Булак айыл өкмөтү 35 миң сом;

- Баткен районундагы башка айыл өкмөттөр 15 миң сомдон ташташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу