Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Электрик Р.Табалдиеваны кардарлары күн сайын тамашага салышат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын тургуну Роза Табалдиева электр тармагында 7 жылдан бери эмгектенип келет. Ал буга чейин мектепте мугалим, бала бакчада тарбиячы жана китепканачы болуп эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1977-жылы Мукай Элебаев атындагы орто мектебин аяктап, Кыргыз улуттук университетинин чет тил факультетин 1982-жылы бүттүм. Ошол эле жылдары мени Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепке чет тилчи мугалим болуп иштөөгө жөнөтүшкөн. 1985-жылы жолдошум Сокулук районунун Студенттер айылына зоотехник болуп которулуп келди. Аны менен чогуу биз дагы көчүп келгенбиз. Ушул Студенттер айылындагы мектепте мугалим, бала бакчада тарбиячы жана китепканачы болуп иштедим. 2010-жылы ушул эле айылдын электр энергиясын сатуу ишканасына кассир болуп жумушка орношком», - деди ал.

Роза айымдын ар бир жумуш күнү кызыктуу окуялар менен коштолуп турат.

«Азыр сиздердин алдыӊыздарда эле бир кызыктуу окуя болду. Бир кичинекей тестиер бала кат көтөрүп чуркап келип, "атам ушул номурга чалып койсун деп жатат" деди. Мен "атаӊ өзү телефон чалбайбы?" десем, "атамдын бирдиги жок" дейт. Менде да бирдик жок болчу. Кагазга мен да телефон номурумду жазып, ал баланы "атаӊа берип кой, мага чалсын" деп жибердим. Жанымдагы акча төккөнү келген айыл тургундары күлүп жатып, боорлору эзилип калды», - деди ал.

Ал жолдошу экөө 38 жыл бирге түтүн булатып, 4 кыз, 11 неберени тарбиялап өстүрүшкөн.

«Студент кезде жолдошум менен тааныштым. Анда ал Айыл чарба институтун аяктаган экен. Ошентип экөөбүз 1979-жылы баш кошуп, бактылуу үй-бүлө курдук. Учурда 4 кыз, 11 неберенин бактылуу чоӊ ата, чоӊ энеси болдук», - деди Роза эже.

Ал 1960-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу