Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Экс-милиционерди өлтүргөн бөтөлкөлөштөр денесин жайлоого таштап, унаасын арзан сатышкан

Turmush -  Кара-Суу районундагы жайлоодон мыкаачылык менен киши колдуу болгон 31 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип жаш жигиттер кармалды. Бүгүн, 13-сентябрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, өзгөчө оор кылмышка шектелип Баткен шаарынын 1988-жылы туулган тургуну У.С. 9-сентябрь күнү Ош шаарында ИИМдин, Ош ОИИБдин, Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Ошондой эле, 12-сентябрь күнү Бишкек жана Баткен шаарынан ушул эле кылмышка шектелип Баткен шаарынын тургундары — 1991-жылы туулган А.Н., 1991-жылы туулган Ж.Ч., 1985-жылы туулган С.К. кармалды.

Тергөө учурунда маалым болгондой, шектүү катары кармалган адамдар 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Баткен шаарындагы соода түйүндө маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен. Пикир келишпестиктен улам маркум менен үч бөтөлкөлөшүнүн ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Бириккен үчөө маркумду ур-соккуга алып, колу-бутун байлап, ага таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй чыгышкан.

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Ит-Качкан жайлоосуна жеткенде маркумдун сырткы кийимдерин чечип алып, денесин ошол жерге таштап, өздөрү унаа менен Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. Борбордон унааны арзан баада сатып, кайрадан Ош шаарына кайтышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен козголгон иш тергелип жатат.

Окуя тууралуу:

2017-жылдын 5-сентябрында саат 14:00 чамасында Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Ит-Качкан жайлоосунан 20-25 жаштар чамасындагы эркек адамдын денеси табылган. Ыкчам иликтөөлөр менен анын өздүгү такталып, Баткен шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.Алмаз экени аныкталган болчу.

Turmush басылмасына белгилүү болгон маалыматтар боюнча, А.Алмаз мурда ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында опер кызматкер болуп эмгектенген. 

ЭСКЕРТҮҮ: Сүрөттө каза болгон адамдын бети көрсөтүлгөн

труп

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×