Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көл шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Кара-Көл шаардык кеңеши жаңы депутат менен толукталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Шаардык кеңештин кезектеги 9-сессиясынын башталышында төрага Б.Кыргызалиев жаңы депутат Макушев Майрамбек Жумашевичке мандат тапшырды. Аталган депутат «Энергетик» фракциясынан шаардын биринчи вице-мэри Калыбай Өскөн уулунун ордуна келди.

Калыбай Өскөн уулу шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалганына байланыштуу мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу