Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясы журналисттин айынан үзгүлтүккө учурады (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Кара-Көл шаардык кеңештин кезектеги 9-сессиясы үзгүлтүккө учурады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сессияга 23 депутат чогулуп, сегизи маанилүү себептер менен келген эмес. Сессиянын башталышында күн тартиби бекитилип, 7 маселеден сырткары эл өкүлдөрүнүн ар кандай сунуштары айтылып, ар түрдүү маселелер коюлуп жаткан.

Мэр И.Еркеев сессияга НТС телеканалынын журналисти шаардык кеңештин 2 депутатынын буйрутмасы менен келип, саясий багытта катышып жатканын айтып, сессиядан аларды чыгарууну сунуштады.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев ЖМК өкүлдөрүн сессиядан чыгарып салуу боюнча мыйзам жок экенин айтып, бирок шаар башчынын сунушун добушка койду. Жыйынтыгында 2 депутат колдосо, калганы кол көтөргөн жок. Бирок ага карабай бир чечимге келе алышпай, 30 мүнөттүк тыныгуу жарыялашты. Андан соң сессия башталып, төрага Тилек Эстебес уулунун сунушу добушка коюлуп, сессияны кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алышты.

Өз кезегинде НТС телеканалынын түштүк аймагы боюнча кабарчысы Г.Алтымышбаева: «Бул жерде шаардык кеңештин ачык сессиясы өтүп жатат. Кылмыштуу иш болуп жатабы? Сессияны чагылдырууга биздин укугубуз бар», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1666
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×