Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кадамжайдын Кожо айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Turmush -  Кадамжай районунун Кожо айылында 150 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, мектепте 6 класстык бөлмө, мугалимдер үчүн усулкана, китепкана болот. Мындан сырткары жылытуу системасы, керектүү эмеректери, сырткы темир тосмолору, дааратканасы менен бүткөрүлөт. Мектепти кийинки окуу жылына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Айыл тургуну Курсанали Сатыбалдиевдин айтымында, окуучулар 3 км алыстагы кошуна айылга жөө каттап окушат. Аба ырайы суукта, ысыкта, шамалда мектепке баруу көйгөй болчу.

Кожо айылында 200дөн ашык түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу