Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Ош

Төлөйкөн айылында биринчи жолу маданият үйү ачылат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүндө алгачкы жолу маданият үйдүн имараты курулуп жатат. Эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, маданият үйү жана айыл башчынын иш бөлмөсү жайгашат.

«Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү эң чоң айылдардын бири болгон Дыйкан-Кыштак айылында курулуп жаткан имаратка аймактык шайлоо комиссиясын да жайгаштырып жатабыз. Курулуш башталганына эки ай болду. Шайлоого чейин чатыры жабылып, шайлоочуларды ошол жерден кабыл алабыз. Аталган имарат жергиликтүү бюджеттен курулуп жатат», - деди Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Хусан Сулайманов.

Аталган айыл өкмөттө жалпысынан 5 айыл бар. Маданият үйү курулуп жаткан Дыйкан-Кыштак айылында калктын саны 10 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 707
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×