Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Чүй

Токмок шаарынын ички жолдору оӊдолуп жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын Ленин, С.Ибраимов, Сакзавод көчөлөрү оӊдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

«С.Ибраимов көчөсүндөгү чуңкурларды оӊдоо иштери бүтүп калды. Буга чейин Ленин көчөсү оңдолуп бүткөн. Мындан кийин дагы башка көчөлөр бар. Азыр аба ырайына карап иш токтоп турат. Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен базардын тегерегиндеги жолдорду асфальттоо иштери аяктап калды. Бүгүнкү күндө Шамшы көчөсүн оӊдоо боюнча тендер өткөрүлүп, 14 млн сом каражат каралды. Анын 11,5 млн сомун утуп алган ишкана оӊдоп-түзөө иштерин баштады», - деди ал.

Быйылкы план боюнча Токмоктун ички жолдорун оӊдоп-түзөөгө 25 млн сомдун тегерегинде акча сарпталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 692
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×