Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Аксыда сел суулары каптап, шагыл басып калган асфальт жол тазаланбай жатат, - тургун (фото)

Turmush -  Аксы районунда 2 ай мурун сел суулары каптаган Чарба айылындагы асфальт жол тазаланбай жатат. Бул тууралуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Мамбеталы Ызаканов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Жыгач – Сары-Челек жолунда сел суулары каптаган асфальт тазаланбай турат.

«Катуу жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, Чарба участкасындагы асфальт жолду шагыл басып калган. Бирок жолдогу шагыл тазаланбай, унаа өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Бул боюнча жол тейлөө ишканасына кайрылганыбыз менен жыйынтык чыккан жок», - деди М.Ызаканов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1400
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×