Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Ошто өзбек тилдүү «Ахборот» гезити 7 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан чыга баштады

Turmush -  Ош шаарында өзбек тилиндеги «Ахборот» («Кабарлар») гезити 7 жылдан кийин кайрадан жарыкка чыга баштады. Гезит 2010-жылы июнь окуясынан кийин чыкпай калган эле.

Гезит быйыл сентябрдан тарта ишмердигин улантып жатканын башкы редактор Барно Исакова билдирди. Анын бет ачары өткөн жумада Бабур атындагы театрда болуп, онго жакын кабарчылар иштеп башташкан.

Коомдук-саясий гезит 2006-жылы негизделип, 4 жыл үзгүлтүксүз чыгып турган. Тыныгуудан кийин 1 миң нуска менен жарык көрдү.


IMG-20170913-WA0137

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 695
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×