Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Аксыда турак үйлөрдү сел суулары каптады

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Тосту айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, селдин кесепетинен ички чарбалык жолдун болжол менен 50 метр жана арыктын 10-15 мерт аралыгына кум-шагыл толуп калган. Жолдо каттам убактылуу жабылып, унаалар айланма жол аркылуу жүрүп жатат. Адамдар жабыркаган жок. Учурда жергиликтүү тургундар тарабынан суу кирген 4 үйдүн короолору селдин калдыктарынан тазаланып, ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1639
Көп окулду
×