Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Фото — Кара-Булак айылында арка куруу үчүн ири каражат топтолуп жатат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылында «Айгүл гүлү — Баткендин символу» марафону өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Марафонду уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын алкагында Баткен облустук драма театрынын актерлору тарабынан айгүл гүлүнүн тарыхы, Козулан баатыр менен Айгүлдүн сүйүүсүн, өлүмүн чагылдырган спектакль коюлуп, ырчылар тарабынан ыр-бийлер аткарылды. Марафонго облустун, район-шаарлардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышууда.

Марафон кутучасына ташталган акчалар:

- Баткен облусунун жетекчиси А.Халмурзаев облустун атынан 50 миң сом салды;

- Баткен шаарынын мэри М.Рахимов мэриянын атынан 30 миң сом, жеке өзүнүн атынан 5 миң сом;

- Баткен мамлекеттик университети 10 миң сом;

- Кадамжай району 75 миң сом;

- Лейлек району 80 миң сом;

- Исфана шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов 5 миң сом;

- Кадамжайдагы кытай ишкери 30 миң сом;

- Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Кара-Булак айыл өкмөтү 35 миң сом;

- Баткен районундагы башка айыл өкмөттөр 15 миң сомдон ташташты.

Учурда марафон улантылып жатат.

Аталган марафондон түшкөн каражатка Кара-Булак айылынын кире беришине айгүл гүлдүн элесин чагылдырган арка курулат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен районунун Кара-Булак айылынын кире беришине айгүл гүлүнүн элеси чагылдырылган арка куруу үчүн марафон уюштурула тургандыгы кабарланган.

Арка куруу демилгесин көтөрүп чыккан уюштуруу тобунун төрагасы Замир Сапардын айтымында, арканын сметалык баасы 1 млн 500 миң сомду түзгөн. Ага жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каралууда.

«Баткенди дүйнөгө таанытып турган айгүл гүлүн сактап, аны коргоо керек. Туристтерге жакшы көрүнүш болушу үчүн айылдын босогосуна арка курмакчыбыз», - деди Замир Сапар.

Арканын макетин жасоого жарым жылга жакын убакыт кетип, аны айылдын жаштары өздөрү жасашкан.

«Эгерде көрсөтүлгөн акча топтолсо 2 ай аралыгында куруп бүтүрөбүз. Андан ары да пландарыбыз бар. Айгүл гүлүн сактоо үчүн гүл өскөн жерлерди тосуп, 5 жылга мораторий жарыялоо керек», - деген архитектор Заман Сапаров.

Арканын бийиктиги 9 метрди түзүп, капталынан караганда боз үй сыяктуу көрүнөт. Анын эки четине Козулан баатыр менен Айгүл кыздын айкелдери коюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 460
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу