Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадга Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун делегациясы келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунан келишкен делегациянын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын курамында Кызыл-Суу облусунун партком катчысынын орун басары Гуан Ён Жиан, Ак-Чий ооданынын акими Тилеш Нуршат, Кызыл-Суу облусунун эл аралык сооданы илгерилетүү мекемесинин башчысы Эминжан Абдырейим жана Кызыл-Суу облусунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн партия катчысы Лю Жон Шин болду.

К.Сатыбалдиев делегациянын өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусу туурасында кеңири маалымат берди жана эки тараптуу соода-сатык, туризм тармагында кызматташуу маселелерине меймандардын көңүлүн бурду. ЖАМУда ачылган Конфуций борборунда студенттерге кытай тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу иштери ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеп кетти.

Өз кезегинде Гуан Ён Жиан келерки жылы Жалал-Абад жергесинде Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун жармеңке көргөзмөсүн өткөрүү максаты белгиленип жаткандыгын ортого салды. Мындан сырткары, эки облустун ортосунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм жаатында иш-тажрыйба алмашуу сунушун билдирди. Кытайдан келген делегациянын өкүлдөрү табияты кооз Арстанбап жергеси менен Жалал-Абад санаториясында туризмди өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү жатканын белгилешти.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусундагы Акчи оданынын акими Нуршат Тилеш жана Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев эки райондун ортосунда достук карым-катнашты жакшыртуу жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Делегациянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайынын директору Салайхидин Мусаев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×