Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Чүй

Ата-апа оюнун ойногон кара-балталык эки өспүрүм 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Кара-Балта шаарында эки өспүрүм 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелүүдө. Жабырлануучунун тууганынын айтымында, 8 жаштагы баланын апасы уулунун жай айында эле бушайман болуп жүргөнүн сезген. Бул учурда баласынын маанайы жаман болуп, өзүн агрессивдүү алып жүргөн.

Апасы кийин анын геморрой менен ооруп жаткандыгын билип, ооруканага алып барган. Дарыгелер баланын энесине ич катып калган учурда дагы анын геморройу мындай болбошу керектигин айтышкан.

Эне уулунан эмне болуп жатканын сураган. Бирок баласы көп ынандыруудан кийин гана окуянын чоо-жайын айтып берген.

«Кошунанын 11 жана 13 жаштагы балдары алар менен «ата жана апа» деген оюнду ойношчу экен. Баланын айтымына караганда, бул оюнду жарым жылдан бери ойноп, эки өспүрүм ал тууралуу ата-энеңе айтпа деп коркутушкан», - деди тууганы.

Үй-бүлөнүн тууганынын билдиргенине караганда, бул окуяны уккан кошуналар ызы-чуу болуп, ал тургай эки өспүрүмдүн ата-энесин башка жерге көчүүнү талап кылышкан.

«Бирок көп өтпөй баары тынчыды. Бул окуяны шаарда дээрлик баардыгы билишет. Жардам сурап кимге кайрылуу керек? 8 жаштагы бала азыркы тапта ооруканада, катуу стресске кабылган. Тиешелүү медициналык экспертизалардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Зордуктоого шектелген өспүрүмдөрдүн биринин атасы прокуратурада иштей турганын эл айтып жатат. Ал эми, экинчи баланын атасы камактагы адам экен. Бул балдардын бири үйүндө билим алса, экинчиси мектепте окуйт», - деп кошумчалады ал.

Бул маселе райондук милиция бөлүмүндө өзгөчө көзөмөлгө алынып, аны РИИБдин тергөөчүсү карап жатат.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча 8 жаштагы балага сексуалдык зомбулук жасалганы аныкталган жок. Тиешелүү материалдарды жашы жете электердин иши боюнча комиссия карап, анын жыйынтыгы менен зордуктоого аракет кылган өспүрүмдөр милициянын каттоосуна тургузулат. Ал эми, алардын ата-энелерине Кыргызстандын мыйзамы боюнча чара көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×