Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Наримандыктар толугу менен күйүп кеткен үйдүн жашоочуларына жапа тырмак жардам көрсөтөт

Turmush -  Кечээ, 12-сентябрда Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнө караштуу ВЛКСМ айылындагы турак үй толугу менен күйүп кетти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, тилсиз жоо убагында өчүрүлгөн.

«Өрттүн себеби учурда такталып жатат. Келтирилген чыгымы да тактала элек. Өрт тууралуу кабар берилгенде суу толтурулган эки унаа тез арада барып, өчүрүүгө жетишишкен», - деди Сүйүнтбек Осмонов.

Нариман айыл өкмөтү өрттөн жабыркаган үй-бүлөнү кыш түшкөнгө чейин турак жай менен камсыздоо аракетин көрөт.

«Гапирова Мобортхандын атына жазылган үй толугу менен күйүп кеткен. Божомол боюнча өрт электр тогунан чыгышы мүмкүн. Жабырлануучуга эл да жардам берет. Айыл өкмөттөн каражат бөлүнүп, суук түшкөнгө чейин үйүн куруп бүтүрүүгө жапа тырмак киришебиз. Анткени ал үйүн  мамлекеттик камсыздандыруудан өткөргөн», - деди аталган айыл өкмөттүн башчысы Улукбек Рахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу