Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тайган агытып, куш салган А.Акунов Салбурун федерациясын кантип түптөгөнүн айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 52 жаштагы тургуну, Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү Алмазбек Акунов бүркүт таптап, тайган агытып, жылкы багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы кыргыз элинин маданий мурасын даңазалап келе жаткан А.Акуновдон кабар алды.

А.Акуновдун айтымында, ал улуттук оюндарды сактап калуу максатында аталган федерацияны түптөгөн.

«Адамзаттын эң биринчи маданияты, аңчылык болуп эсептелет. Тарых барактарын карап көрсөк, байыркы адамдар эң биринчи жааны ойлоп табышкан (бул таш дооруна туш келет ). Итти колго үйрөтүп, кийинчерээк алгыр куштарды аңчылыкка пайдалана башташкан. Буларды комплекстүү түрдө аң уулоого пайдаланууну салбурун деп аташкан. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде итти, кушту, жааны өз-өзүнчө бөлүп федерация кылып алышкан.

Ал эми, куш салып, тайган агытып, ат үстүндө жаа атуу — ата-бабаларыбыздан калган мурас. Аны сактап калуу жана даңазалоо максатында 2006-жылы Салбурун федерациясын негиздедим», - деди ал.

А.Акунов буга чейин 10 жыл машыктыруучу болуп иштеген.

«Дене тарбия институтун бүтүрүп, күрөш боюнча машыктыруучу болдум. Сабакта ит, куштарды тартып отурчумун. Себеби оюмдун бардыгы куш таптоодо эле. Бирок машыктыруучу болуп 10 жылдай иштедим. Ошентсе да өзүм дайыма улуттук спортту кантип көтөрөм деп ойлонуп жүрдүм. Себеби ар бир улуттун өзүнүн улуттук оюндары бар. Биз өзүбүздүн оюндарды унутуп, башка элдикин даңазалап жүрүптүрбүз. Бул идеяны ишке ашырууга толук кириштим. Өзүм бүркүт таптап, тайгандарды кармап, жылкы багып, жаа атам. Булар бири-бирин толуктап турат. Туурга конгон бүркүт, короодо жүргөн тайган, мамыда байланган ат, керегеде илинип турган жаа кыргыздын байыркы жашоосун чагылдырат», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда ал 4 кыргыз жана 2 араб тайганын багууда.

«Көккуш, Сактан деген тайгандарымды Нарындан асыл тукум жылкыга сатып келгем, азыр 3 жашта. Булар түлкү, карышкыр, чөө кармап жешет. Жубайым да тамак бышырып берет. Бир бүркүтүмдүн аты Шаярда. Ал көзүнө көрүнгөндү алган мыкты бүркүттүн атынан коюлган. Ага көгүчкөн жана суурдун этин беребиз. Кээде уйдун эти берилет. Мындан тышкары, айыл жеринде туризмди өнүктүрүү максатында иштеп, чакан фермерчилик менен алектенем. Бүркүт, тайгандарым менен Көчмөндөр оюнунда жана башка сынактарда байгеге ээ болгом, өзүм жаа атуу боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келем, бош убактымда сүрөт тартып, ыр жазам» , - деди ал.

А.Акунов 30дай баланы жаа атууга, куш салууга машыктырып келет. Ал эки уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу