Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кадамжайда жыл башынан бери жол кырсыктан 4 жаш бала каза болду

Turmush -  Жыл башынан бери Кадамжай районунун аймагында жаш балдар катышкан 17 жол кырсык катталып, 4 бала каза болсо, 15 бала денесинен ар кандай жаракат алышкан. Бул тууралуу жол коопсуздугу, кырсыктарды алдын алуу боюнча жыйында белгилүү болду.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, жыйында жаш өспүрүмдөр арасында жол коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу, мектептердеги рэкетчиликти тыюу, мектептерге видеокамераларды орнотуу жана башка маселелер талкууланды.

Кадамжай районунун прокурору К.Токтакунов тарабынан уюштурулган иш-чарага Кадамжай районунун акиминин орун басары Токто Илязова, РИИБдин алдындагы өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, район аймагындагы мектептердин мугалимдери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу