Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео — Өзбекстандагы аким мектеп директорлорун катарга тизип алып сабады

Turmush -  Өзбекстандын Сайхунабод районунун акими мектеп директорлорун катарга тизип алып, бетке чапкылап сабады. Бул тууралуу Kun.uz. сайты маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын август айынын аягында болгон. Тасмада райондун акими Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун өлкөнүн эгемендүүлүк майрамында мугалимдер окуучуларды чогулта албаганы үчүн чаап, урушуп жатканы тартылган.

«Мен райондук билим берүү башкармалыгынын байкуш жетекчисин иттей жумшайм. Бирок күнөө сенде да бар. Эмне үчүн сен өзүңдүн районуңду сыйлабайсың? Же сенин өлкөңдүн көз карандысыздыгы сенин көз карандысыздыгың эмеспи?», - деп кыйкырган аким.

Эгемендүүлүк күнү райондо 25-августта белгиленмек. Бирок аны 27-августка жылдырышкан. Айрым мектептердин директорлору бул күнү окуучуларды кайра чогулта албай калышкан. Жыйынтыгында майрам учурунда адамдар аз топтолуп, район акимине облус жетекчиси сын айткан. Андан кийин аким Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун катарга тизип алып, «өчүн» алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу