Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Видео - Москвага Кыргызстан аркылуу барган жигит 23 жаштагы аялын бычактап өлтүрдү (такталды)

Turmush -  Россиянын Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кечээ, 12-сентябрда жаш келиндин бир нече жолу бычакталган денеси табылды.

«Телеканал 360» жарыялаган маалымат боюнча, жергиликтүү милиция кызматкерлери анын өлүмүнө күйөөсүн айыптап жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү кызганычтан улам 23 жаштагы аялына кеминде 10 жолу бычак сайган. Ал үй-бүлө Москва шаарына Кыргызстан аркылуу барышкан.

Окуя болгон жердеги видеокамерага түшүп калган тасмага караганда, жубайлар көчөдөн урушкан. Күйөөсү аялын ошол жерден бычактап, андан кийин өзү качып кеткен. Оор жаракаттан улам окуя болгон жерден көз жумган келиндин денесин жолдон өтүп бара жаткандар таап, тиешелүү органдарга маалымат беришкен. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталганы маалым болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, каза болгон келин менен анын күйөөсү Тажикстандын жарандары экенин билдирди. Жубайлар акыркы жолу Москва шаарына Кыргызстан аркылуу учкандыктан алгач алар кыргызстандык деген маалыматтар тараган. 


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22876
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×