Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Эл ичи — өнөр кенчи: Ысык-көлдүк 20 жаштагы Арген таланты аркылуу киреше табууну өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургуну Арген Таалайбеков сөзү жана обону өзүнө таандык ырлары аркылуу киреше табууда.

А.Таалайбековдун айтымында, 9 жашынан бери ырдап келет. Тойлордо ырдап, 1 айда 40 миң сом киреше табат. Учурда «Жаш таланттар» сынагына даярданып жатат.

«Мен 2006-жылдан бери ырдоого кызыга баштадым. Сыналгыдан белгилүү ырчыларды көрүп, алардын ырдаганын угуп, өтө таасирлендим. Кичинекей кезимде конокко барганда ырдата беришчү. Анда белгилүү ырчылардын ырларын ырдап берчүмүн. Чоңойгондо өзүм ыр жаза баштадым. «Кара көз», «Апакем», «Кичинекейим» аттуу ырларымды эң биринчи жазгам.

2010-жылы алгачкы ырымды жаздырдым. Анын сөзүн жана обонун да өзүм жаздым. Мындан улам өзүм жазган ырларды тойлордо ырдап келем. Көбүнчө комуз жана гитара менен ырдайм. Тойлордон тапкан акчама мал алып, ата-энеме берем. Улуу байкем музыкалык окуу жайда окуган жана чоң аталарым дагы ырчы болгондуктан мага таасири тийди деп ойлойм. Ырдоодон сырткары күрөшкө катышам, азыр №97 лицейде 1-курстта окуп жатам» , - деди А.Таалайбеков.

Арген үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 469
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу