Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда карыялар өстүргөн азыктар көргөзмөгө коюлду

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын алдында кечээ, 12-сентябрда көргөзмө-жармаңке өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы тарабынан уюштурулган жармаңке Дания мамлекети колдогон «Кыргызстанда кадырлуу карылык» долбоорунун колдоосу менен аткарган жумуштар, жетишкен ийгиликтер менен элди тааныштыруу максатын көздөдү.

Облустун район-шаарларында ушул долбоордун жардамы менен иштеп жаткан адамдар өстүргөн жашылча-жемиштер, сүт азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдар, тоок эттери, ширелер коюлган көргөзмөгө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сектор башчысы Нурбек Жээналиев, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын менеджери Сыргабек Жайболотов, долбоордун активисттери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Долбоордун активдүү катышуучуларына сыйлыктарды тапшырышты.

«Кыргызстанда кадырлуу карылык» долбоору 2015-жылы иштеп баштаган. Долбоор айылдык карыларды жаштардын колдоосу менен пайдалуу жумушка тартуу жана жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, анын эсебинен киреше алып, жашоо абалын жакшыртууга багытталды. Долбоорго облустагы төрт район жана 28 айылдын миңге жакын карыя камтылган. Ага Аксы районунда алты, Ала-Букада тогуз, Чаткалда беш жана Сузак районунда сегиз айыл кирген.

Алар күнөскана иштетип, кулпунай жана малина өстүрдү. Кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк, түрдүү дарактардын көчөттөрүн өстүрүп сатуу, шире чыгаруу, жашылча-жемишти кургатуу, тоок багуу, сүттү кайра иштетүү, гүл өстүрүү сыяктуу иштерди аткарышты. 2 жыл аралыгында жакшы натыйжа болуп, долбоордо иштеп жаткан топтор жакшы киреше табышууда. Буга чейин ар бир райондо көргөзмө-жармаңкелер уюштурулуп, ар бири өзү өстүргөн, өз колу менен жасаган жер-жемиш, азык-түлүк, буюмдарды алып келип сатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×