Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Фото - Баткенде арыктагы түтүккө кыпчылып калган 2,5 жаштагы бала куткарылды

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда саат 14:30 чамасында Баткен шаарында И.Раззаков көчөсүндөгү арыкта түтүккө кыпчылып калган 2-2,5 жаштардагы бала куткарылды. Анын өмүрүн Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери сактап калышты.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери учурда ал баланын ата-энесин жана жакындарын издеп жатышат.

«Сүрөттөгү баланы тааныгандардан тез арада 102 кызматына билдирүүнү же 0770 59 00 74 номуру аркылуу байланышка чыгууну суранабыз», - деп айтылат Баткен ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7514
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу