Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Америкада легендарлуу актер Ван Даммдын уулу баңгизат менен кармалды

Turmush -  Американын полициясы легендарлуу актер Жан-Клод Ван Даммдын уулун баңгизат каражаттарын сактаганы үчүн жана башка бир катар айыптар менен кармады, деп билдирет TMZ порталы.

Аталган порталдын маалыматына ылайык, актердун 21 жаштагы кичүү баласы Николас Ван Варенберг Аризона штатынын Темпе шаарында кармалган. Полиция Варенбергдин кошуналарынын телефон чалууларынан кийин окуя болгон жерге барган.

Жан-Клод Ван Даммдын уулу өзү жашаган көп кабаттуу турак үйдөгү лифттин кабинасын талкалап салган. Полиция кызматкерлери Варенбергдин батиринин алдына алып барган кандын тактарын байкашкан. Алар кылмышка шектүүнү жана анын кошуналарын суракка алган учурда актердун уулу колунан жаракат алгандыгын айткан.

Полиция кызматкерлери окуяны териштирип кеткенден кийин, Варенбергдин кошунасы укук коргоо органдарынын артынан чуркап барып, аларга Ван Даммдын уулу бычак менен коркуткандыгын билдирген.

Полиция шектүүнүн үйүн текшерүүгө алып, марихуана жана бычак таап чыгышкан. Андан соң, Варенбергди адамга курал менен кол салуу, барымтага алуу, мыйзамсыз баңгизат сактоо жана аларды колдонуу айыптары менен камакка алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×