Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаанын Кичи-Каман суусуна 110 миң сомго көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы Ак-Чий айыл аймагына караштуу Кичи-Каман суусуна көпүрө курулду. Бул тууралуу аталган айылдын жайыт комитетинин төрагасы Шайырбек Турумбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган жайлоодогу Кичи-Каман суусунан буга чейин малчылар жана жеңил автоунаалар өтө албай кыйналып келишкен. Жайыт комитети тарабынан жайытка түшкөн салыктын эсебинен 110 миң сомго узуну 11 метрди, туурасы 2,5 метрди түзгөн көпүрө курулду.

Жайыт комитетинин башчысынын маалыматына таянсак, жайыт салыгы үчүн 1 жылда элден 147 миң сом, ал эми жайыт пайдалануучулардан 96 миң сом каражат түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу