Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук К.Асанкулова 2 миң сомго чейин бааланган калпактарды тигет (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 45 жаштагы тургуну Клара Асанкулова 6 жылдан бери калпактарды тигет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк менен ата-энеси да алектенчү.

«Менин тай жактарым, чоң ата, чоң энелерим уста адамдар болгон. Менин ата-энем да ууз чебер адамдар болгондуктан үй-бүлөбүз менен чеберчилик менен алектенип келебиз. 6,5 жылдан бери калпактарды тигип келем. Кол алдымда 20 адам эмгектенет. Алардын айлык акылары тиккен калпактарына жараша төлөнүп берилет. Бир күндө 20 калпак тигилет. Калпактардын баасы 1700 сомдон 2 миң сомго чейин. Тиккен калпактарымды чет элдиктер да суктанып алып кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу