Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букадагы желим түтүк чыгаруучу ишканада жыл башынан бери 3,5 миң тонна таштанды иштетилди (фото, видео)

Turmush -  Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат. Бул тууралуу Евро биримдиктин айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо долбоорунун асистенти Адылбек Алымов билдирди.

Анын айтымында, ишкана Европа биримдигинин колдоосу менен курулган. Анда жергиликтүү тургундардан полиэтилен баштыктардын килограммы 30 сомдон сатып алынып, андан турмуш-тиричиликке колдонгон пластмасса ийкем түтүгү иштелип чыгат.

«Евро биримдиктин жардамы менен өткөн жылдын декабрь айында баардык жабдуулар алынып келип, январь айында иш башталган. Учурда бул жердеги кооперативдердин жалпы саны 25ти түзөт. Анын ичинен полиэтилен баштыкчаларынан түтүктөрдү жасаган жумушчулардын саны 8ди түзөт. Жумушчулардын айлык маянасы орто эсеп менен 6-7 миң сомду түзөт. Бул да болсо жумуш менен камсыздоо болуп саналат. Бизде болсо ийкем түтүктөрдүн (шлангалардын) беш түрдүү өлчөмдөрүн чыгарабыз. Ал эми иштеп чыгарган продуктубузду тамчылатып суугарууга пайдаланабыз. Ишкана жыл башынан бери 3,5 миң тонна таштандыга айланган полиэтилен баштыкчаларды кайра иштетүүгө жетишти», - дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган ишкананы курууга жалпы 33 миң евро акча жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×