Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Ошто ырчынын унаасын өзүнүн унаасы менен уруп, качып кеткен айдоочу табылбай жатат

Turmush -  Ош шаарында Жанин Акунжанованын «Хонда СРВ» унаасын уруп качып кеткен «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу табылбай жатат. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.

Анын айтымында, окуядан кийин ооруканада дарыланып чыккан

«Менин унаамды уруп качып кеткен унаа табылбай жатат. Шаардык Патрулдук милиция көңүлкош иштеп жатат. Таасирдүү тааныштары бар айдоочу окшойт. Менин унаам учурда оңдолуп жатат. 40 миң сомдон көп акча керектелүүдө», - деди ырчы.

18-августка караган түнү Ош шаарынын А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «Хонда СРВ» унаасын «Тойота Камри» унаасы уруп кеткен. Окуядан кийин «Тойота Камринин» айдоочусу унаасын айдап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 855
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×