Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Жумгалда немис технологиясы менен 3D форматтагы турак жайлар салынып жатат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда алгачкы жолу немис технологиясы менен 3D форматтагы турак жайлар салынып баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Осмон Абышов билдирди.

Ал учурда 2 кабаттуу жана көлөмү 160 чарчы метр болгон турак жай салдыртууда. Баткак жана кирпич колдонулбаган бул турак жайлар айыл жерине туруштук берип, сапаттуу жана көп жылга чыдайт.

Бул үйдү куруп жаткан компания 160 чарчы метр турак-жайдын 1 чарчы метрин 200 долларга баалашкан. Негизинен мындай турак жайлардын бир чарчы метр көлөмү 250 доллардан курулат. Ошондо бул турак жайдын курулушу 3,3 млн сомго бааланган. Анын ичине обой, кафель, эшик-терезе, чатыры, фундаменти, жылуу пол, канализация, электр тармагы жана сырткы келбети камтылган.

«Турак жайлар чынында жакшы экен. Бишкек шаарында да салынып жаткандыктан байкап көрөйүн дедим. Жаңы технология Кыргызстанга алгачкы жолу келип жатыптыр. Орус дубалы аттуу үйлөр экен. Буюрса бир айдан кийин толук бүтүп калат деп жатышат. Мындай өз алдынча турак жай салсаң, аны бүтүрүш азап жана көп чыгым кетет», - деди О. Абышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу