Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык чебер З.Рысматова айылдагы жумушсуздукту жоюу үчүн ишкана ачты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылынын 53 жаштагы тургуну Зуура Рысматова тийим тигүүчү чакан ишкана иштетүүдө. Аймактык кабарчы элеттик ишкер айымдан кабар алды.

З.Рысматованын айтымында, ал 3-4 жыл мурун АРИС программасынын колдоосу менен айылдагы жумушсуздукту жоюу максатында жеке ишкана ачкан. Учурда ал буюртма алып, кыздарга сеп даярдайт. Мындан тышкары, унутта калып бара жаткан курактардын түрлөрүн жана түстүү жиптерден токулган жаздыктарды тигүүнү кыз-келиндерге үйрөтөт.

«Жаш кезимен бери тигүүчүлүк менен алектенем. Чоң энем колунан көөрү төгүлгөн чебер болгон. Мен кичинекей кезде чоң энем жанына отургузуп алып, кийимдерди кантип тиккендерин мага көрсөтчү. Ал кийимдерди айыл тургундарына берип, алардын батасын алчу. Андан кийин апам дагы айылдагылардын турмуш-тиричилигине керектүү буюмдарын, кийимдерин тигип жүрдү. Мен аларды көрүп үйрөндүм. Азыр өзүмдүн 5 кызым бар, алар да мага окшоп, үйдө жөн отурбай, тигүүчүлүк менен алектенишет. Негизинен кыздардын себине керектелүүчү төшөктөрдү, жаздыктарды жана дагы келиндерге көшөгөлөрдү тигип, аларды сатууга коём. Мындан 3-4 жыл мурда АРИСке долбоор жазып, утуп алып, айылыбызга кичинекей ишкана ачтым. Учурда анда демөөрчүлөр алып берген 4 тигүүчү машина бар. Ал эми айылда жумушсуздукту жоюу максатында тигүүнү билген сегиз келинди жумушка алып, кичинекей ишканабызда сеп даярдайбыз. Кардарларыбыз Аксыдан, Чаткалдан келип буюртма беришет», - дейт чебер.

Мындан сырткары, алар райондо өткөн сынак жана көргөзмөлөргө дайыма катышып турушат.

«Негизинен жаздыктарды, курактарды тиккенди көбүн эсе чоң энемден үйрөнгөм. Унутта калып бара жаткан курактарга өзгөчө маани берем. Кардарларыма дагы ошол жагат. Кыздарыма тигүүчүлүктү үйрөтүп, кичинекей ишканабызды кеңейтүү планым бар», - дейт З.Рысматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу