Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: 20 жылдан бери жайлоодо жашаган тоңдук М.Жумалиева койду өзү союп, устукандайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Тоң районунун Тоң айылынын 41 жаштагы тургуну Жумалиева Мээрим. Учурда ал жолдошу Сагындык Алиев жана балдары менен Арчалы жайлоосунда жашашат.

«Мен Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 1976-жылы төрөлгөм. Мектепти бүткөн соң Балыкчы шаарында эжемдикинде жашап, иштеп жүрдүм. Кийин Тогуз-Булак айылына үйүмө келдим, ошол убакытта кошунабыздыкында той болуп жаткан экен. Апам мени ээрчитип, конокко алып барды. Тойдо конокко келген бир жигит мени көрүп, жактырып калган экен. Тойдон эки күн өткөндөн кийин жумушка кетүүгө камынып жолго чыксам, бир унаа келип токтоп, ала кетүүнү сунуштады. Айылыбыз тоонун жанында болгондуктан автоунаа аз каттачу, анын ала кетейин дегенине сүйүнүп, ойлонбостон отуруп алдым. Чоң жолго жеткенде Балыкчы шаарына бурулбай, Тоң району жакка бурулду. Ал жерде балдар күтүп жатыптыр, алар дагы унаага отурушту, мен качып чыгууга жетишпей калдым. Мени үйүнө алып келип, жоолук салууга аракет кылышты. Мен көпкө отурбай, ызы-чуу салдым. Бир маалда карындашы келип: «Сиз бизге жеңе эмес, апа болосуз» деп кучактап аябай ыйлады, көрсө жолдошумдун ата-энеси алар кичинекей кезинде эле каза болгон экен. Кайын сиңдимдин сөзү маага таасир берди, анан байкесин чакырып келди. Ал жакшынакай, оор басырыктуу жигит экенин көрдүм. Ошентип экөөбүз үй-бүлө куруп, бир туугандарына ата жана эне болуп, өзүбүз 2 уул, 4 кыздуу болдук. Быйыл үйлөнгөнүбүзгө 22 жыл болот», - дейт Мээрим Жумалиева.

Ал акыркы 20 жылдан бери Арчалы жайлоосунда мал багып жашап келишкендигин белгиледи.

«Үй-бүлөбүз менен Арчалы жайлоосунда 20 жылдан бери жашайбыз. Өзүбүздүн жана элдин койлорун кошуп, жалпы 500дөй кой багабыз. Өзүм кичинекей кезимден бери мал багып чоңойгом, турмушка чыкканда кыйналган жокмун. Жайлоодо күн батареясын колдонобуз. Жолдошум жокто өзүм жалгыз кой союп, устукандайм, түрдүү тамактарды жасайм. Жолдошум ала качып келгенде отуруп калганыма эч качан өкүнбөйм, себеби өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм», - деп кошумчалады М.Жумалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 730
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу