Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Караколдо кабель уурдап жаткан адамды колго түшүрүүгө жардам берген инженер сыйланды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында кабель уурдаган адамды колго түшүрүүгө жардам берген «Кыргызтелеком» ААКтын инженери сыйланды.

Маалым болгондой, ушул жылдын 29-августунда ШИИБге «Кыргызтелеком» ААКтын инженеринен кат келип түшкөн. Анда шаардын Токтогул-Жакыпова, Кутманалиева-Алдашов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 357 кабель белгисиз адамдар тарабынан кесилип жатканы маалымдалган. Мындан улам ички иштер кызматкерлери ыкчам иш алып барышып, кылмышка шектүү адамды кармашкан. Шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Анын жанынан зым кескич жана кесилген зым далил катары алынган.

Бул ирет Каракол ШИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков аталган ишкананын кызматкерлери менен жолугуп, маалыматты өз учурунда кабарлап, кылмыштуулуктун алдын алууга көмөктөшкөн «Кыргызтелеком» ААКтын инженери Кубатбек Токомбевге ыраазычылык кат тапшырды.

Ж.Жоробеков жыл башынан бери мындай 7 факт катталып, анын үчөөнүн бети ачылып, мамлекетке зыян келтирилген 500 миң сом өндүрүлгөндүгүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 438
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу