Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Шайлоо-2017: Президенттикке 13 талапкер калды

Turmush -  Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Талапкерлер 10-сентябрдан тарта үгүт иштерин башташты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-сентябрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдиргендей, талапкер болуп алгач 59 жаран катталган. Анын ичинен 11 адам партиялар тарабынан сунушталса, 48 адам өзүн-өзү көрсөткөн.

«9-сентябрда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктап, 13 талапкер калды. Алардын ичинен 5 талапкер саясий партиялардан сунушталып, 8 талапкер өзүн-өзү көрсөткөндөр. 37 талапкерди каттоодон баш тартылып, 9 жаран талапкер болуудан өздөрү баш тартты», - деди төрайым.

Анын айтымында, 21 талапкер колдоочулар тарабынан кол коюлган барактарды тапшырган эмес. Ал эми, 9 талапкер жетиштүү санда кол топтобосо, 2 талапкердин соттуулугу бар. Ошондой эле, 9 талапкер шайлоо фондун ачкан эмес.

Президенттикке талапкерлер:

Арстанбек Абдылдаев

арстан алай 

Өмүрбек Бабанов

Бабанов

Азимбек Бекназаров

Бекназаров

Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков

Эрнис Зарлыков

Зарлыков

Улукбек Кочкоров

Кочкоров

Адахан Мадумаров

Мадумаров

Арсланбек Малиев

Малиев

Таалатбек Масадыков

Масадыков

Темир Сариев

Сариев

Камчыбек Ташиев

Ташиев

Бакыт Төрөбаев

Торобаев

Токтайым Үмөталиева

Уметалиева

БШКнын билдирүүсү боюнча, талапкерлердин саны дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2170
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×